Кыргызстанда октябрдан бери чочко тумоосунун 118 учуру аныкталган

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан бери чочко тумоосунун 118 учуру лабораториялык жол менен аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек, Ош, Токмок шаарларында курч респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү уланууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен оорунун стандарттык аныктамаларына ылайык, бейтаптар сасык тумоого карата текшерүүдөн өтөт.

Октябрдан тарта азыркы учурга чейин бардыгы болуп 1 миң 149 үлгү текшерилди, анын ичинен 246сы сасык тумоого оң натыйжа көрсөткөн, анын ичинен:

- А/H1N1pdm тумоосу (чочко) 48% (118),

- В тумоосу – 41,5% (102),

- Типсиз тумоо– 7,3% (18),

- А/Н3N2 тумоосу - 1,2% (3),

- H1N1сезондук тумоосу - 2% (5).

- COVID-19 – 38 .


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД