Чиновниктен акча опузалаган блогер кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча "Д.С.М." аттуу активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, кармалган блогер "Д.С.М." социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

2022-жылдын 12-декабрында "Д.С.М." 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД