Борбор калаада 31 мектеп онлайн окутууга өттү

Бишкек шаарында курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшүнө байланыштуу 14-декабрдан тарта 31 мектеп онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматы Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте балдардын мектепке баруусун текшерди.

Онлайн окутууга өткөн мектептер:

Октябрь району боюнча – 10 (№14, 17, 34, 56, 62, 63, 71, 88, 73, 98), Свердлов району боюнча – 9 (№11, 16, 21, 30, 33, 35, 10, 66, 89) жана А.Молдокулова атындагы №5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, Биринчи Май району боюнча – 3 (№27, 75, 83), Ленин району боюнча – 9 (№2, 8, 22 47, 57, 74, 79, 80, 97).

Эске салсак, мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлери арасында SARS жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жыл башынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын 78 миң 656 учуру катталган болсо, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 78 миң 368 учур катталган.

"Урматтуу жарандар! Сураныч, сактык чараларын көргүлө - беткап тагынгыла жана вирустук инфекцияга кабылган балдарды мектепке жана бала бакчага жибербегиле", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 357 жалпы билим берүү мекемеси бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД