
ЖКККББнын кызматкерлери жаш өспүрүмдөргө жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине жана "Краснореченск жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернатында" тарбияланып жаткан балдардан кабар алышты. Анда башкы башкармалыктын атынан социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында азык-түлүктөрдү, суусундуктарды, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү буюмдарды жана акчалай жардам тапшырышты.