Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте оор атлетика боюнча эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 16-19-декабрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналат.

Эркектер жана кыз-келиндер арасында өтө турган жарышка спортчулар төмөнкү салмак категориялары боюнча катышат:

Эркектер: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96, 102, 109, +109 кг;

Кыз-келиндер: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87 кг.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД