Түзөтүү мекемесинде Айтматовдун туулган күнүнө карата волейбол мелдеши өттү

№19 түзөтүү мекемесинде Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Сокулук районундагы №19 түзөтүү мекемесинде волейбол боюнча мелдеш өттү. Ага мекеменин ар кайсы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты. Бул спорт майрам кыргыз жана дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) туулган күнүнө арналды. Айтмакчы, белгилүү прозаик дагы сергек жашоо образын карманып, ар кандай сынактарды жакшы көрчү.

Кызуу өткөн таймаштын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, аларга мекеменин башчысы, и/к полковниги Байсынов Арстан Усенович жеңүүчүнүн кубогун, дипломдорду, грамоталарды, ошондой эле акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, волейбол оюну КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери арасында абдан популярдуу. Анткени, бул кызыктуу оюн, топтун үнү, толкундануу жана ылдамдык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД