Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды

Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

"Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 2 миң 357 мектептин ичинен 509у (21,5 пайызы) карантинге жабылып, онлайн режиминде билим берүүгө өттү. Ал эми 1 миң 510 бала бакчанын ичинен 168и (9,8 пайызы) карантинге кетти", - дейт ал.

Жер-жерлер боюнча алганда:

Баткенде 1 бала бакча карантинге жабылды;

Ош облусунда 1 мектеп;

Чүй облусунда мектептер толугу менен, 49 бала бакча;

Ысык-Көл облусунда 3 мектеп, 19 бала бакча;

Талас облусунда мектеп, бала бакчалар толугу менен жабылды;

Нарын облусунда 4 бала бакча;

Жалал-Абад облусунда 10 мектеп, 19 бала бакча;

Ош шаарында 10 мектеп;

Бишкек шаарында 40 мектеп.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД