Автомектептерде окуп жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырып жаткандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда,ИИМдин ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лизензиялоо бөлүмү Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери менен биргеликте, авто мектептерде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуп жаткан жана окууну бүтүп сынак тапшырып жаткан курсанттарга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында түшүндурүү иштерин жүргүзүүдө.

Айрыкча авто мектептерде окуп жаткан учурда, сабактарга толук кандуу катышуу, теориялык алган билимин практика жүзүндө көрсөтүп, белгилеген тартипте унаа каражатын айдоого чыгып туруу зарыл экендиги эскертилүүдө.

Бүгүнкү күндө ЖКККББ тарабынан баардык авто мектептердин тизмеси бекитилип, кызматкерлер белгиленген тартипте авто мектептердин сабактарына катышып, көзөмөлдөп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД