Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл бекеттер күн сайын иштей баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери декабрдан тартып күн сайын иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бекеттер ишемби жана жекшемби күндөрү да иш алып барышат. Ошол эле учурда көзөмөл-өткөрүү жайлары Кыргызстанга Кытайдан чыккан жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын гана кыймылын камсыздоочу өзгөчө алгоритмге жараша иштейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД