Бишкекте "Жаш таланттар 2022" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бишкекте Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин балдар искусство мектептеринин окуучуларынын арасында "Жаш таланттар-2022" кароо-сынагы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынакка жалпысынан борбор калаадагы балдар искусство мектептеринин 7 жаштан 18 жашка чейинки 48 окуучусу 4 номинация боюнча катышты.

Сынактын жыйынтыгында 23 жеңүүчү аныкталып, "Диалог" маданият үйүндө 23 жеңүүчүнү жана 23 мугалимди сыйлоо аземи менен гала-концерт өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөргө Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин акчалай сыйлыктары жана Ардак грамоталары тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД