БЮаткенде милиция улут аралык чыр-чатактардын келип чыгуусун алдын алууда

Милиция кызматкерлери Баткендин чек арага чектеш аймактарында улуттар аралык чыр-чатактардын келип чыгуусун алдын алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Таш-Тумшук айылдарындагы жергиликтүү тургундар менен Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери жергиликтүү милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылуу максатында жолугушууларды уюштурууда.

Жолугушууда өз алдынча чагымчылдыкка алдырбай, ар бир орун алган учур боюнча милицияга кайрылуусу, WhatsApp тайпаларында таркаган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерүүнү, уруксаты бар ок атуучу куралды мыйзамдын чегинде сактоону, чыр-чатакка өз алдынча жол бербей милиция кызматкерлерине ыкчам кайрылуусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жергиликтүү жашоочуларга уурулуктун алдын алуу максатында чек арага жакын жерлерде мал жандыктарын кароосуз калтырбоону жана мал сарайларына кулпу салуусу боюнча эскертүүлөрдү берди.

Аталган аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында жөө кайгуулдарды уюштурган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД