Бишкекте социалдык турак жай кура турган курулуш компания аныкталды

Мамлекеттик ипотекалык компания борбор калаанын Тунгуч кичи районуна социалдык турак жайларды куруу үчүн курулуш компанияны аныктады. Бул тууралуу МИКтин сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Анкара көчөсү, 44 дарегинде 108-сериядагы 55 батирлүү жаңы үй курулат, келечектеги турак-жай комплекси "Түндүк" деп аталат. Аны "Фаворит Строй Групп" компаниясы курат.

"Жеткиликтүү ипотека" программасынын катышуучулары курулуп жаткан объектиден батирди мурдатан түзүлгөн кезекке ылайык сатып ала тургандыгы такталды.

"Насыянын шарттары: жылдык 8%, 25 жылга чейин, баштапкы төлөм турак жайдын баасынын 20%дан кем эмес болушу керек", - деп билдирди МИКтен.

Толук маалымат алуу үчүн бул турак жай программасына кезекте турган катышуучулар "Керемет Банк" ААКсына кайрылса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД