Жалпы өлкө боюнча коомдук транспорттор менен таксилердин абалы текшерилүүдө

Коомдук транспорттор жана жеке таксилер текшерилип, 72 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго жана Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын, Бишкек-Талас жана башка аймактарга каттаган жеке таксилерге рейддик иш-чара жүргүзүлдү. 13-декабрдан тартып, 15-декабрга чейин, 2 күн аралыгында аныкталган жол эреже бузуу фактылары үчүн, 72 миң сом айып салынып, 4 авто унаа төлөнбөгөн айып пулдары жана техникалык кемчиликтери үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулду.

Рейд учурунда унаалардын техникалык абалына басым жасалып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин төмөнкү

-38-берененин 2-бөлүгү;

-192-берененин 1-бөлүгү;

-188-берененин 1-2-бөлүктөрү;

-182-берененин 2-бөлүмдөрүнө ылайык тийиштүү протокол толтурулду.

Мындай жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмдөру тарабынан мындан ары да уланмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД