
Эгерде мыйзам күчүнө кирсе, төмөнкү бир жылдын ичинде үч жолу кайталап, жол эрежелерин бузган айдоочулар кайрадан экзаменге жөнөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,азыркы учурда Жогорку Кеңештин экинчи окуусунан өтүп, каралып жаткан Укук бузуулар кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча (38-1-берене. Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык экзамендерди кайрадан тапшырууга жөнөтүү) мыйзам долбоору колдоо тапса, анда бир жылдын ичинде үч жолу жол эрежесин кайталап бузган төмөнкү айдоочулар кайрадан экзамен тапшырууга жөнөтүлөт.
Алар:
-Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин атайын жаап алуу жана анын бирөөсү жок башкаруу;
-Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу боюнча талаптарын аткарбоосу;
-Транспорт каражатынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу (1. 40 км/сааттан көп, 60 км/сааттан көп эмес. 2. 60 км/сааттан ашуусу)
-Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унаалардын кыймылына артыкчылык бербөө;
-Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу;
-Эгерде айдоочунун аракетинде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол эрежесин бузуусу;
-(193-3б.) Мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүүсү.