Белгилүү актёр Азиз Мурадиллаев көз жумду

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун актёр Азиз Мурадиллаев оор абалда Бишкектеги ооруканалардын бирине жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Актер боордун циррозу менен жабыркап келген. Анын бооруна операция жасалышы керектиги айтылып, президент 42 миң доллар каражат бөлгөн. Ошондой эле жакын санаалаштары да чогулткан. Операция Түркияда жасалмак.

"vb.kg" маалымат агенттигинин жалпы жамааты Азиз Мурадиллаевдин дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД