STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчыга өзгөртүүлөр киргизилди

2022-жылдын ноябрынан тартып жумуш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар чет өлкөлүк жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөй баштагандыгына байланыштуу, киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын толтуруу боюнча жардамчыга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчынын тиркемеси жумушчулардын жаңы категориялары менен толукталды:

011 – чет өлкөлүк жаран (резидент эмес);

011 64/69 – чет өлкөлүк жаран (резидент эмес);

012 – чет өлкөлүк жаран КТП (резидент эмес);

012 64/69 – чет өлкөлүк жаран КТП (резидент эмес).

Башка мамлекеттердин пенсионерлери болуп эсептелген чет өлкөлүк жарандар-резидент эместер боюнча отчетту түзүүдө киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жумушчулардын 011 64/69 – резидент эместер (чет өлкөлүк жарандар) же 012 64/69 – резидент эместер (чет өлкөлүк жарандар) КТП категориялары боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.

Жумушчулардын жаңы категорияларын колдонуу менен STI-161 отчетун түзүү 2022-жылдын ноябрынан берки отчеттук мезгил үчүн ишке ашырылат.

Мында салык төлөөчүлөр тарабынан жумушчулардын эски категориялары боюнча мурда берилген 2022-жылдын ноябрь айы үчүн отчеттор такталууга тийиш (такталган отчетторду тапшыруу зарыл), анткени алардын баары Социалдык фонддун автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу четке кагылат.

Ошондой эле чет өлкөлүк жумушчулар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн толук эмес төлөгөндүгү үчүн туумдарды эсептебөө үчүн 2022-жылдын ноябрынан берки отчеттук мезгилден тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө фонд боюнча бөлүштүрүү менен белгиленген тарифтин өлчөмүндө жүргүзүлүүгө тийиш.

Эскертүү: 2022-жылдын ноябрынан берки мезгил үчүн STI-161 формасын толтуруу боюнча жардамчыга 1С же башка ушул сыяктуу программаларда түзүлгөн XML отчетторду жүктөө мүмкүн эмес, анткени аларда жумушчулардын жаңы категориялары жок. Ошол сыяктуу эле, 2022-жылдын ноябрынан берки мезгил үчүн мурда түзүлгөн XML отчётун жүктөө мүмкүн эмес, анткени анда эски категориялар камтылган.

2022-жылдын ноябрына чейинки мезгилдер үчүн жумушчулардын эски категориялары менен баштапкы же такталган отчетторду берүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД