Мамлекеттик органдар жана бизнес салык башкаруудагы жаңылыктарды талкуулады

16-декабрда Мамлекеттик салык кызматында салыктык башкаруудагы жаңылыктар боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана ишкердик субъекттер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын 1-январынан баштап жаңы техникалык талаптар менен контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонуу, ошондой эле пиво продукциясына электрондук акциздик марканы түшүрүү маселелерин талкуулашты.

Эске салсак, 2023-жылдын 1-январынан баштап салыктык башкарууда ишкердик субъекттер үчүн жаңы талаптар киргизилет.

Тактап айтканда, жаңы талаптарга ылайык фискалдык модулдук функциясы жок контролдук-кассалык машиналар 2022-жылдын 31-декабрына чейин гана колдонууга болот. ККМдин эски моделдери талаптарга жооп бербейт жана 2023-жылдын 1-январына чейин алмаштырууга (модернизациялоого) тийиш.

Товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындай жолугушууларды туруктуу негизде өткөрүүнү чечишти, анда тигил же бул салык маселелерин талкуулоого жана алар боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД