Кадамжайда Өзбекстандан келген айдоочуларга жол эрежесин сактоо эскертилүүд

Кадамжайда милиция кызматкерлери Өзбекстандан келген айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин кызматкерлери 2022-жылдын 17-декабрь күнү Кадамжай шаарындагы Фергана чек ара постунунун алдында, Өзбекстан Республикасынын Сох, Шаймардан, Жигит-Пирим анклавтарына каттаган айдоочуларга Кыргызстан ичиндеги калктуу пункттарда жол эрежесин сактап, ылдамдыкты төмөндөтүү менен жол кырсыгынын алдын алуу максатында түшүндүрүү, алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат.

Анткени акыркы учурларда анклав тургундарынын айдоочулары жол эрежелерин так сактабагандыктан, 3 жол кырсыгы катталып, жарандар ооруканага кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД