Бир жумада унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 27 айдоочу кармалды

Өлкө аймагында бир жума ичинде 13 610 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 10-декабрдан тартып, 16-декабрга чейин, 13 610 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-162;

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -224;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-27;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-283;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4070;

-Транспорт каражаттарынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу-5636;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары -3207

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД