
Сүлүктү шаарынын жашоочуларына өлкө башчысынын жарлыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сүлүктү ШИИБдин милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин "2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу (мораторий) салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгын элге жеткирүү максатында шаар аймагындагы дүкөн, ашкана ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, пиротехникалык каражаттарга тыюу салынганын эскертип, жалпысынан 45 обьект ээлери менен иш алып барды.