
2022-жылы Кыргызстанда эркек балдар арасында Мухаммад, ал эми кыздар арасында Салиха деген ысымдар эң көп коюлган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кыздардын арасында 3 миң 904 наристеге Салиха ысымы коюлса, эркек балдарга Мухаммед ысымы көп коюлган – 5112.
Эркек балдарга берилген эң популярдуу 10 ысым:
Мухаммад - 5 112;
Умар - 4 577;
Али - 2 838;
Билал - 2 505;
Амир - 2 436;
Алихан - 2 436;
Нурислам - 2042;
Алинур - 2023;
Усман - 1937;
Эмир - 1657.
Кыздарга коюлган эң популярдуу 10 ысым:
Салиха - 3 904;
Амина - 2 969;
Фатима - 2 804;
Раяна - 2 786;
Алия - 2 426;
Айлин - 2 426;
Альфия - 2 228;
Сафия - 2 223;
Аруузат - 2 221;
Хадича - 2 179.
Белгилей кетсек, өткөн жылы да эң көп коюлган ысымдар рейтингинде Мухаммед жана Салиха ысымдары алдыга чыккан.