Талас ОИИБде каттоо бөлүмүнүн кесиптик күнү белгиленди

Талас ОИИБде каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн ​ Талас ОИИБде каттоо бөлүмүнүн кесиптик күнү белгиленди. Талас ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Асанов Марлис бир катар кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.

Каттоо​ бөлүмү ички иштер органдарында документтердин жүрүшүн көзөмөлдөп, кат алмашууну жүшөгө ашырып, жарандарды кабыл алуу жана жашыруун иш кагаздар менен иш алып барышат. Бул кесиптин ээлери көп жылдан бери милициянын ташын тизип, ак эмгектерин өтөп келишет. Алардын бири Айымкан эжебиз 20 жылдан бери Бакай-Ата РИИБдө ​ иштеп, бүгүн КРнын ИИМдин "Даткайым" медалына ээ болду. ОИИБдин каттоо бөлүмүнүн ага инспекторлору Ташибекова Жыпаркул жана Сатымкулова Ширин КРнын ИИМнин "Мыйзам чегинде" төш белгиси менен сыйланышты.

ОИИБдин жетекчилиги аларга куттуктоо сөзүн айтып, иштерине албан-албан ийгилктерди каалап өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД