Кыргызстанда бир жумада COVID-19дун 4 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 12-нен 18-декабрга чейин, COVID-19дун 4 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, 2 - амбулатордук дарыланууда.

12нен 18-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 11 ай 18 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 810 учуру катталды, анын ичинен 19 800 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2010у (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД