Төө-Ашууда кар тазалоо жумуштары жүрүүдө

Бүгүн, 20-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 80-209-чакырым аралыгындагы Төө-Ашуу жолун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү жумуштары аткарылууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

"Аба ырайына байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД