
Ысык-Ата районунда кызгануудан улам бир нече жолу бычак менен жаракат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 19-декабрь күнү саат 15:30 чамасында Ивановка айылдык ооруканага Гидростроитель айылынын тургуну 1984-ж.т. С.В. аттуу жаран бычактан бир нече жаракат алып, оор абалда түшкөн.
Бул факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен кылмыш иши козголгон.
Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында, бул кылмышты 1967-жылы туулган Ш.С. аттуу жаран жасагандыгы аныкталып, окуя боюнча, жарандык жубайын кызганып жабырлануучу менен байланышы бар экендигине шек санап бычак менен бир нече жолу денесине сайып жибергени айтып берди.
Жабырлануучу жарандык аялдын мурунку күйөөсү экендиги аныкталган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин талаптарына ылайык, убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Тергөө амалдары улантылууда.