
Менингит – дарыланбаган курч жана өнөкөт жугуштуу оорулардын кесепети. Бул оору тыгыз байланышта жугат.
Оору жуккан учурдан тартып башталганга чейин бир күндөн он күнгө чейин созулат.
Бейтап оорунун алгачкы күндөрүнөн тартып башкаларга жугуштуу.
Инфекцияга кабылуу жалпы, бирок 5 жашка чейинки балдар көбүрөөк ооруйт.
Ошондой эле тобокел топко 15-25 жаштагы өспүрүмдөр жана жаштар кирет, бул куракта алар эл көп болгон коомдук жайларда көбүрөөк убакыт өткөрүшөт.
Белгилери:
катуу баш оору, өзгөчө маңдайкы бөлүктө; тамак ичүүгө байланыштуу эмес, жеңилдик алып келбеген кайра-кайра кусуу; дене табынын 39-40°С чейин жогорулашы; чыйрыгуу; ал кетүү; кубаруу; тамактан баш тартуу.
Сиз сөзсүз көңүл бура турган эң коркунучтуу белги - бул исиркектердин пайда болушу.
Алдын алуу:
- бейтап менен байланышпоо, бет каптарды колдонуу, колду кылдат жуу;
- жайларды тез-тез желдетип туруу жана нымдуу тазалоо, денени чыңдоо жана спорт менен алектенүү;
- оорунун күчөтүшү мүмкүн болгон курч жана өнөкөт жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо.
Эгерде оорунун белгилери пайда болсо, эч кандай учурда өз алдынча дарыланууга болбойт, мүмкүн болушунча тезирээк дарыгерге кайрылуу керек, анткени оорунун олуттуу оорчулуктарга алып келген чагылгандай тез түрлөрү бар.