
Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери эскертүү баракчаларын илүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору шаар аймагындагы коопсуздукту сактоо максатында бүгүн, 20-декабрь күнү "Таштемир-Ажы" базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өздөрү демилгелеп чыгарган эскертүү баракчаларын илүүдө.
Базардагы дүкөн ээлерине укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо, коомдук жайлардагы кылмыштуулуктун алдын алууда жаңы жыл астында базарларда пиротехникалык каражаттарды сатууга жергиликтүү бийлик тарабынан убактылуу чектөө койгондугун түшүндүрүп, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Бир күндүк иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 25 жаранга протоколдор толтурулуп, айып пул салынды. 40 даана эскертүү баракчалары илинди.