Бишкекте жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн сунушу менен жолдор жамалууда

Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн сунушу менен жолдорду жамоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин ЖКККББнын жөл көзөмөлдөө бөлүмчөсү Республиканын баардык аймагындагы транспорт жолдорун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жолдорду көзөмөлдөп, жеринен кароо жана күзгү, кышкы изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

Ошонун алкагында Бишкек шаардык кайгуул кызматынын Жол көзөмөлдөө бөлүмү Лев Толстой, Жибек-Жолу көчөсүндөгү жолдордун айрым бөлүгүндөгү жолдордогу чуңкурларды жана ачык калган суу түтүктөрүнүн капкактарын аныктап, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына кемчиликтерди орундатуу боюнча сунуштарды беришип, жолдордогу ойулуп калган чуңкурларга асфальт төшөлүп, суу түтуктөрүнүн капкактарын жаптырышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД