
Төкмө акын Курсант Нурматов оорудан улам кечээ, 20-декабрда каза болду. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.
Жакындарынын билдиргенине ылайык, акын ооруп жүргөн.
Курсант Нурматов Токтогул районунун Ничке-Сай айылында туулган.
vb.kg маалымат агенттигинин жамааты Курсант Нурматовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.