Бишкекте маршруткалардын техникалык абалы текшерилди

Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү рейд өткөрүп, 32 миң сомго айып салды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспортторго карата "Пассажирский транспорт" аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара жүргүзүп, маршруттук унаалардын техникалык абалын жана айдоочулардын айдоо маданиятын текшерүүгө алышты.

Айрыкча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда, коопсуздук эрежелерин так сакталуусу, маршурттук унаанын ичинде жүргүнчүлөр үчүн атайын кармоочтордун болуусу, жүргүнчүлөрдү унаага салуу жана түшүрүү учурлары аялдамаларда кана токтоо керек экендиги эскертилди.

Рейддик иш-чаранын жыйынтыгында, техникалык бузуулары аныкталган коомдук транспортторго жалпысынан 32 миң сом айып салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД