Тажик журналист кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу фильм тартты

Тажик журналисти Орзу Исоев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жөнүндө "Кызыл жана кара: согуштун түстөрү" деген 30 мүнөттүк видеофильмин YouTube каналына жайгаштырды.

Орзу Исоев видеофильмде "Озоди" радиосунун кабарчысынын "таймлайны" (окуяны хронологиялык тартипте визуалдык түрдө көрсөтүү) колдонулганын билдирди.

Видеофильмдин автору "Головной" суу сактагычында, Исфарадагы Хожаи Аъло айлында болгон. Тасма журналисттердин жаңжал болгон аймактагы татаал ишин баяндайт.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД