Бишкектин четинде жапайы өрдөк аткан браконьерлер кармалды

Чүй облусунун Новопокровка айылында мыйзамсыз аңчылык кылган жарандар кармалды.

Жаратылыш ресурстар министрлигинен билдиришкендей, үч браконьер жапайы канаттууларга мыйзамсыз аңчылык кылган.

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга протоколдор түзүлүп, 32 миң 500 сомго айып салынып, 3 миң сом доо коюлду.

Министрликтин өкүлдөрү тарабынан ок атуучу куралдар, ошондой эле мыйзамсыз олжолонгон канаттуулар алынды.

Мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД