
Кадамжайда милиция кызматкерлери мигранттардын балдары менен жолугушууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай РИИБдин демилгеси менен балдар менен иштөө инспекторлору социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун аймагында үймө-үй кыдырып, жашоочулар менен жолугушууда.
Жолугушуунун максаты Кадамжай районунун аймагында сырткы жана ички миграцияга кеткен ата-энелерди жана алардын балдарын тактоо. Ар бир үйгө кирип мигранттардын балдарын тактап, алардын социалдык абалы жана коопсуздугу боюнча текшерүүлөрдү жүргүздү. Үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, балдардын жүрүм-турумун көзөмөлдөө боюнча үй ээлерине түшүндүрүү иштерин өткөрдү.
Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча сырткы миграцияда жүргөн ата-энелердин саны 2614. Сырткы миграцияга кеткен ата-энелердин балдарынын саны 8098. 2022-жылдын 11 ай ичинде мигранттардын балдары тарабынан жасалган кылмыш болгон эмес.