"Керемет Банктын" төрагасынын орун басары эки айга камакка алынды

"Керемет Банктын" төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосу шаардык соттун басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Дадыбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 2023-жылдын 14-февралына чейин камакка алынган. Анын камакка алынуусунун себеби азырынча белгисиз.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеме ушул айдын башында "Керемет Банктын" айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Ишти козгоого Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык", "Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу", "Документ жасалмалоо" деген беренелери негиз болгон.

Дадыбаев буга чейин коопсуздук системасында бир нече жыл иштеп келген. Андан тышкары банктын Бишкек филиалынын директору жана банктын эки кызматкери кармалганын айрым маалымат каражаттары жазып жатышат, бирок расмий органдар муну азырынча тастыктай элек.

"Керемет Банк" коммерациялык банкынын акцияларынын 97,45% ээси болуп 2018-жылдан бери Улуттук банк эсептелет. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган. "Керемет Банк" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген "Азия УниверсалБанктын" негизинде түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД