
Улуттук банкта Төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезексиз отуруму болуп өттү.
Финансылык жөнгө салуу органынан маалымдашкандай, отурумда QR-кодду колдонуу менен төлөөлөрдү киргизүү жана аны өнүктүрүү, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу маселелери, ошондой эле Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды.
Жыйын Улуттук банктын төрагасынын орун басары К.Куленбековдун жетекчилиги алдында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, коммерциялык банктардын жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.