Маевка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Маевка айыл өкмөтүндө бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2018-2021-жылдар аралыгында аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 7 млн 620 миң 968 сомдук бюджеттик акча каражаттарынын жетишсиздиги аныкталып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД