
КР ИИМдин ЖКККББгы тарабынан 11 айдын ичинде жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары үчүн 806 миң 234 бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 442 мл. 488 миң 240 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Алардын ичинен:
- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 11 397 ;
-Мас абалында авто унаа башкаруу 12 404;
- Авто ээнбаштык 282;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 1825 ;
-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 255 737;
-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 256 159;
-Ылдамдыкты ашырып айдоо 136 883;
-Коопту жүк ташуу эрежелерин бузуу 103;
-Жөө жүргүнчүлөрдүн жана жол эрежесин бузуусу 39 277 ;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 92 167;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 55 549 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Бул түзүлгөн протоколдор үчүн, жалпысынан бүгүнкү күндө 442 мл. 488 миң 240 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.