ЖОЖдорго кышында 51 миң 462 студентти кабыл алуу пландалууда

Жогорку окуу жайлары 2022-2023-окуу жылына кышкы кабыл алуу үчүн 51 мин 462 студентти кабыл алууну пландаштырууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 49 жогорку окуу жайы 35 миң 620 студентти күндүзгү окуу формасына, 15 миң 267 студентти сырттан окуу бөлүмүнө, 575 студентти кечки кабыл алууну жарыялады.

Эскерте кетсек, кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо 2022-жылдын 26-декабрында башталат. ЖОЖдордун тизмеси жана кабыл алуу багыттары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД