Бир суткада 653 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 269, Ош шаары - 73, Чүй облусу - 116, Ош облусу - 74, Талас облусу - 5, Ысык-Көл облусу - 15, Жалал-Абад облусу - 69, Баткен облусу - 32 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч, Ош шаарында бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 113 миң 635 киши вируска чалдыгып, 1 миң 920 бейтап көз жумду.