
ЖАК өтүп жаткан жылдын 12 айындагы коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө утурлай Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматында төрагасынын биринчи орун басары К.Садыковдун төрагалыгы алдында өлкөбүздүн пенитенциардык тутумундагы коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү.
Комиссиянын отурумда 2022-жылдын 12 айындагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары ЖАКнын түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана мекемелеринде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мурда бекитилген Иш-чаралар планына ылайык коррупцияга каршы күрөшүү жана жазык-аткаруу тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу талаптарды жана ченемдерди аткаруу боюнча жыйынтык чыгарылды.
Пландын аткарылышы боюнча отчетторду угуп Комиссиянын мүчөлөрү ЖАКнын органдарынын жана мекемелеринин ишмердүүлүгүндөгү жана башка актуалдуу маселелерди карап, талкуулашты.
Кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды, кадр саясатын, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жана өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзамдын талаптарын так сактоону, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр байкалган абалды өз убагында жоюуга багытталган иш-чараларды өркүндөтүү боюнча мындан аркы системалуу иштердин зарылдыгы белгиленди.
ЖАК тарабынан ишке ашырылып жаткан коррупцияга каршы комплекстүү чаралар жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, соттолгондор жана камакта жаткан адамдар үчүн шарттарды жакшыртууга, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга, ошондой эле түзөтүү мекемелеринин жана СИЗОлордун туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталган.