Президент Ноокат–Кызыл-Кыя унаа жолун реконструкциялоону баштоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 25-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат-Кызыл-Кыя унаа жолунун абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолдун азыркы абалы боюнча жарандардан бир канча арыз түшкөн.

Президент Садыр Жапаров бул автожолду капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Ошол эле учурда оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД