Кыргызстанда төрт күн ичинде 258 мас айдоочу кармалды

Өлкө аймагында "Бахус" рейддик иш-чарасы өткөрүлүүдө.Төрт күн ичинде 258 мас айдоочу аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаңы жылдык майрам учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүү менен бирге "Бахус" аталышында рейддик профилактикалык иш-чараларды өткөрүп келет.

20-декабрдан тартып, 24-декабрга чейин, кызматкерлер тарабынан 258 мас айдоочу аныкталып, баарына тиешелүү чаралар көрүлгөн. Мындай рейддик иш-чаралар 8-январга чейин уланат.

Урматтуу айдоочулар жаңы жылдык кечелерде КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан мас абалында унаа каражатын башкарган, авто ээнбаштык жасаган жана жол эрежесин одоно бузган айдоочуларга карата текшерүү көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар күчөтүлөт.

Андыктан өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн жол эрежелерин так сактаңыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД