Акыркы аптада өлкө боюнча COVID-19дун жаңы 10 учуру катталды

Кыргызстанда 19-декабрдан 25-декабрга чейинки аралыкта COVID-19дун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен үч бейтап ооруканага жаткырылган, жетиси амбулатордук дарылануудан өтүүдө.

"Кыргызстандын бардык облусу "жашыл зонада". 2022-жылдын 11 ай жана 26 күн аралыгында коронавирустук инфекциясынын жалпы 21 миң 820 учуру катталган", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД