Кыргызстандагы 1,2 миң мектепке компьютердик жабдуулар жеткирилет

Билим берүү жана илим министрлиги "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында өлкөдөгү 1 200 мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик жабдууларды жеткирүүнү баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникалар жеткирилип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда.

Жабдуулардын комплектине төмөнкүлөр кирет: 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер).

Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды.

Белгилей кетсек, "Келечек үчүн билим берүү" долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД