Базар-Коргондо үйгө кирип аялды карактап кеткендер кармалды

Базар-Коргондо түн ичинде аялдын колдорун, оозун скотчтоп, карактап кеткен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну 16-декабрь күнү саат 04:00 чамасында үйүндө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 миӊ сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган маалымат ошол эле күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин ("Каракчылык") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыштын бетин ачуу максатында Жалал-Абад облустук жана Базар-Коргон райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары ушул эле райондук тургуну 1988-жылы туулган М.Ш., Ноокен районунун 1999-жылы туулган тургундары Ж.У. жана С.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД