Сиздерге ишеним жогорулай берет. Жарандар милицияга ыраазычылык билдиришти

"Сиздерге болгон ишеним жогорулай берет". Жарандар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жакында Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун дарегине Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарынын атынан ыраазычылык кат келген. Жабырлануучулар катта кылмыштуу топтон жабыр тартып, өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылышканын баяндаган. Катты толугу менен баяндайбыз.

"Биз шылуундардын уюшкан тобунан жабыр тарткандардын атынан Сизге жана Сиз жетектеген ички иштер органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык кат жолдоп жатабыз.

Шылуундар биздин жана буга чейин башкалардын дагы ишенимине киришип, үй эмеректерин жасап беребиз деп алдоо жолу менен өтө чоң суммадагы, башкача айтканда 1,5 миллион сомдон ашык акчаларыбызды алып, эмеректерибизди жасап бербей, качып жүрүшкөн. Биз Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, жогорудагы жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранганбыз. Сокулук РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык тескөөчүлөрү элдин ишенимине кирип, алдап жүргөн жарандардын тобун ыкчамдык менен кармашты.

Биз жабыр тарткандар Сиздин кызматкерлер-милициянын капитандары Жусупбек уулу Кылычбек менен Арсен Аттокуровдун өзүнүн профессионалдык милдеттерин өтө жогору деңгээлде жана ыкчам аткарышканын баса белгилейбиз.

Биз Сиздин кесипкөй милиция кызматкерлериңиздин эмгектерин жогору баалайбыз. Сиз жетектеген Ички иштер министрлиги элдин ишенимине татыктуу болуп, андан ары дагы Сиздерге болгон ишеним жогорулай берет деген ишеничтебиз.

Милициянын капитандары Жусупбек уулу Кылычбек менен Арсен Аттокуров "Биздин милиция-мени коргойт" деп айтылган сөздү анык далилдешти",-деп ондон ашык жараныбыз ыраазычылык кат жөнөтүшкөн.

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн кызматына болгон ак эмгегинен улам, аларга болгон карапайым калктын мамилеси чындап эле мактоого жана кубаттоого арзыйт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгү тууралуу коомчулуктун пикирин жогору баалайт жана милициянын ишине жогору баа бергендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД