Лейлек районунда милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда

Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагында милициянын көчмө кабылдамасы иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Кулуңду айыл аймагынын Кулуңду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы, Интернационал, Максат айылдарында жергиликтүү тургундарга кылмыштуулуктун алдын алууда мал уурулуктун, ал эми базарларда чөнтөк уурулуктун, алдамчылык кылмыштарын болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Базардагы сатуучуларга аймактын коопсуздугун сактоо максатында пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салынганын билдирип, эскертүү актыларын берди.

Каттоодо турган ок атуучу куралы бар жарандардын курал сактоо эрежелери жана алардын мөөнөтү текшерилип, 6 жаранга эскертүүлөр берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД