Ички иштер министринин белеги Таластын кичинекей тургунуна тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Ниязбеков Улан Омокановичтин белеги ээсине тапшырылды.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн 26-декабрь күнү Талас ОИИБдин жыйындар залында Талас районунун Огонбаев айылынын кичинекей 7 жашар тургуну Анаркулов Рамзанкадырга КРнын ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Ниязбеков Улан Омокановичтин даректүү белеги салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Рамзанкадыр Фархадович Огомбаев айылында Козубекова атындагы орто мектептин 1-классынын окуучусу. Ал келечекте милиция кызматкери болом деген кыял менен чоңоюп келүүдө. Анын милиция кызматкери болуп, келечекте Мекенди коргогон, эл сыймыктанган, күчтүү, билимдүү жигит болом деген арзуу тилеги бар.

Жаңылыктардан, интернет булактарынан ички иштер органдарынын иш аракеттерин көрүп көздөрү жайнаган дымагы бар. Бир тууган эжесинин демилгеси менен тарткан сүрөтүн​ Ички иштер министрине тартуулап, жаңы жылга карата кутуктоо сөзүн билдирип жолдогон.

Ички иштер министри болочок Мекен коргоочунун каалоо тилектерин сүйүнүү менен кабыл алып, аны шыктандыруу максатында бир жылдык интернети менен камсыздалган акыркы үлгүдөгү заманбап планшет жана символикалык сувенирдүү баалуу белегин жеринен тапшырууну буйруган. Талас ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис Сурапбекович министрдин каалоосун жеткирип: "Кыргыз элине, Мекенине мыкты кызмат кылыш үчүн талыкпаган эмгек кылып, билими күчтүү болуп, үлгүсүү эр азаматтардан болсун деген тилектерин айттырды"-деп сөз сүйлөдү. Андан тышкары, өзүнүн атынан дагы кошумча кылып, Рамзанкадырга билимине жана​ дүйнө таануусуна салым болсун деген ниетте ​ ​ "Балдар энциклопедиясы" китебин тартуулады.

Рамзанкадырдын​ апасы Осмонова Элиза кошо келип, КРнын ИИМ министрине жана Талас ​ ОИИБдин начальнигине ыраазычылыгын билдирип, абдан кубануу менен кабыл алды.

Бул иш чарага күбө болгон ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулчоро Жамангараев жана Абдыкалый Турдугуловдор сөз сүйлөп, мындай иш чара биринчи жолу болуп жатканын белгилеп, Рамзанкадырга келечектеги кыялдары орундалсын деп ак батасын беришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД