Нарында Жаңы жылдык майрамдарга карата горнизондук саптык кароо өткөрүлдү

Жаңы жылдык майрамдык салтанатка карата горнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 27-декабрь күнү Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта Нарын ОИИБнын өздүк курам арасында Жаңы жылдык майрамга карата саптык кароосу жүргүзүлүп, автоунаалардын техникалык абалы текшерилди.

Мындан тышкары иш-чаранын жүрүшүндө Жаңы жыл майрамын майрамдоо учурунда коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча нускаламалар өткөрүлүп, тиешелүү буйруктар менен тааныштырылып, кызмат боюнча бир катар милдеттемелер коюлду.

Саптык кароого Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүнүн аппаратынын укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Чукуев жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги катышып куттууктоолор айтылды.

Өз сөзүндө Алмазбек Жумабеков, өздүк курамга ИИМдин жетекчилигинин куттуктоосун жеткирип, кирип келе жаткан 2023-Жаңы жыл майрамы менен өздүк курамды куттуктап, өлкөбүздө өнүгүү болуп, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик, токчулук, молчулук болуусун каалап, майрам учурунда кызмат өтөөдө кызматтык милдетти так аткарууга ар бир кызматкерди чакырып өттү.

Майрамдык иш-чарага карата өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, кызматтык автоунаалардын техникалык абалдары текшерилди.

Белгилей кетсек, майрам учурунда кызмат өтөөчү күч-каражаттар толук эсептелип чыгып,облус боюнча жалпы 500гө жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД