Баткенде курман болгон беш жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон тапшырылды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов үстүбүздөгү жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгон Ош облусунун тургундары менен жолукту. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы өзүнүн резервдик фондунан 5 жоокердин үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон, Баткенден эвакуация болуп, учурда Ош облусунда жашап жаткан 1 үй-бүлөгө 20 миң сом бөлүм берди.

Облус башысы өз сөзүндө чек араны коргоп жатып курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын баса белгилеген.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады. Ошондой эле турак үйлөр, чарбалык жана социалдык, турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу объектилер талкаланган жана жабыркаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД